• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда мектептер арасында "мыкты медиа бурч" сынагы башталды

Билим 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда мектептер арасында "мыкты медиа бурч" сынагы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

“ММК Колдоо Борбору” Фонду 2020-жылдын 20-сентябрынан 25-октябрына чейин Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлигинин жана Deutsche Welle академиясынын колдоосу менен медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча долбоордун алкагында Кыргызстандын мектептеринин арасында медиа бурчтардын сынагын өткөрөт”, - деп билдирди “ММК Колдоо Борбору” Фондунун долбоорлор боюнча директору Айчүрөк Усупбаева.

Анын айтымында, "Мыкты медиа бурч" сынагына быйылкы жылы медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун негизги темаларынан тышкары, аралыктан билим берүү жана COVID-19 пандемиясы темасын да киргизилет. Сынакка буга чейин иштеп келген медиа бурчтар жана жаңы медиа бурчтар катыша алат.

Сынактын деталдуу шарттары менен таанышуу үчүн шилтемеси аркылуу кирип, атайын форманы толтуруп жөнөтүү керек. Катталгандан кийин пост жана видео түрүндө контент түзүүнү баштоо зарыл.

Сынак 2020-жылдын 25-октябрында аяктап, 5-ноябрына чейин жыйынтыгы чыгарылат. Финалисттерди тандоо “ММК Колдоо Борбору” Фонду тарабынан сынактык негизинде жүргүзүлөт. Ошол эле учурда, мектептин Медиа бурчун мындан ары жайылтууга команданын мотивациясы жана даярдыгы бааланат.

Сынактын байге фонду:

1-орун - ноутбук

2-орун - планшет

3-орун - планшет

Бардык кошумча суроолор үчүн төмөнкү байланыш даректерине кайрылсаңыздар болот: 0707 112 255 (Whatsapp) - Каныкей Кененсариева, 0777 230 286 - Тынчтыкбек Досмуратов же mediasabakkg@gmail.com электондук дарегине кат жазыңыздар.

Пикир

Оставить комментарий