• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда мектептер менен ЖОЖдор 16-марттан тартып карантинге жабылат

Коом 0

Бишкек, 14.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан баштап, өлкөнүн бардык мектептери жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-мартта Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Коопсуздук Кеңешинин буга чейин болуп өткөн эки жыйынындагы коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы каралды.

Мамлекет башчысы экономикалык кыйынчылыктардын келип чыгаарына карабай, ар бир мамлекет өзүнүн элинин саламаттыгын биринчи орунга коюп, чек араларды, каттамдарды жаап жатканын белгиледи.

Өлкө башчысы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө дагы бир жолу эскертти. Зарыл болгон иш-чаралар тиешелүү деңгээлде ишке ашырылбаса, эң катуу чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий