• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда мектептерде 1 млн 268 миң окуучу билим алат

Коом 0

Бишкек, 16.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы 2 миң 265 мектеп болуп, аларда 1 млн 268 миң окуучу билим алат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыз кылуу бөлүмү билдирди.

Аталган бөлүмдөн билдиришкендей, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү жалпы билим берүүчү 2 миң 265 мектепте 1 млн 268 млн 68 окуучу билим алат.

"Бишкек шаарында 77 миң 163 окуучуга ылайыкталган 96 мектеп бар. Бирок ички миграциялык агымдын себебинен иш-жүзүндө аларда 173 миң 193 окуучу окуйт. Бул тиешелүү сандан эки эсеге көп", - деп айтылат маалыматта.

Бул маселени чечүү максатында бул жылы 9 айда өлкөдө 3 миң 339 окуучуга ылайыкталган 15 мектеп курулган. Азыркы тапта 134 мектеп жана 26 бала бакчанын курулушу жүрүп, 60 билим берүү мекемеси оңдолуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий