• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда “Менин Кыргызстаным” туристтик медиадолбоору старт алат

Коом 0


Бишкек, 24-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы июнда “Менин Кыргызстаным” туристтик медиадолбоору старт алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Ок Ой” чыгармачыл бирикмесинин жетекчиси Нурлан Анарбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн бул туристтик медиадолбоор өз ишин баштайт жана ага каалоочулардын бары катышат алышат. “Биз бүгүнкү күндө мекенибиздин кооздугу тууралуу көп теле берүүлөрдү көрүп жатабыз, бирок ал жакта болгондор аз. Менде Кыргызстанды бүт кыдырып, элдер менен баарлашып, кооз жерлерди тасмага тартып, жергебиздин бардык кооз жерлерин көрсөтүү тууралуу идея пайда болду. Биз 40 ка жакын жерге барабыз. Долбоор 1 айга созулат”,-деди Н.Анарбаев.

Ал белгилегендей, медиадолбоордун алкагында видео сынак каралган. Аталган сынакка каалоочулардын бары катыша алышат. “Социалдык тармакка видео сынак жарыяладык. Анда “Менин Кыргызстаным” хештеги менен Кыргызстандын кооз жерлери тууралуу видео көрсөтүлөт. Видеонун узактыгы 1 мүнөттөн узак болбойт. Майдын аягында калыстар жеңүүчүнү аныктайт. Жеңүүчү биз менен өлкөнү кыдырып чыгат. Долбоор “Менин Кыргызстаным” тасмасын тартуу менен жыйынтыкталат. Биз өлкөнү кыдырып жүрүп Кыргызстандын кооз жаратылышы тууралуу видеолорду жарыялап, түз алып көрсөтүп, живопистик сүрөттөрдү дагы жарыялап турабыз”,-деген Н.Анарбаев, долбоордун максаты – Кыргызстан жагымдуу жана коопсуз туристтик өлкө экенин көрсөтүү деп белгиледи.

Ошондой эле, чыгармачыл бирикменин жетекчиси алар бул долбоорго өтө жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле кылып жатышканын кошумчалады. Өлкөнү кыдырууга жөнөөрдүн алдында коркунучтарды азайтуу үчүн бардык катышуучулардын жашоосу камсыздандырылат. Ошондой эле, тиешелүү ведомстволорго ушундай туристтик долбоор башталгандыгы тууралуу кат жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, уюштуруучу аталган долбоорду толук кандуу ишке ашыруу үчүн демөөрчүлөр талап кылынарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий