• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда методисттер жана мугалимдер үчүн усулдук колдоо боюнча окуулар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрынан тартып «Мектептерде усулдук колдоону уюштуруу» программасынын алкагында 116 улуттук тренер республика боюнча 3642 адамды окута баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, программа райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттерин, мектеп директорлорун жана алардын орун басарларын, максаттуу мектептердин мугалимдерин окууга жана жазууга үйрөтүү методикасын жакшыртууга багытталган.

Катышуучулар беш илгерилетилген окуу модулунун кыскача мазмуну менен таанышып, бардык деңгээлдеги мугалимдерге жана алардын уюмдарына усулдук колдоо көрсөтүүнүн ар кандай формалары жана ыкмалары боюнча билимин кеңейте алышат. Усулдук колдоону камсыздоочу куралдарды SabakApp (сабакка байкоо жүргүзүү) жана BaalooApp (калыптандыруучу баалоо) практикада майнаптуу колдонууну үйрөнүп, башталгыч класстын мугалимдеринин сабактарына байкоо жүргүзүп, мугалимдин окутуу методдоруна кайтарым байланышты бере алышат.

Натыйжада башталгыч класстын мугалимдери усулдук колдоо менен сабактардын сапатын жогорулатышат, ал эми башталгыч мектептин окуучулары окуу көндүмдөрүн жакшыртышат.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргызстанда башталгыч мектептердеги 300 миң окуучунун математика жана окуу сабактары боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1686 мектепте ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий