• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда микрокредит алган калктын саны 10 пайызга кыскарды

Экономика 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 27,4 млрд сом суммасында кредиттер берилди, аны алган алуучулардын саны 490 миң адамдан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 10%га кыскарды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү, тескерисинче, 17%га өстү.

Январь-сентябрда калкка микрокредиттердин берилиши

Нет описания.

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22,4%), Бишкек шаарынын (17,8%), ошондой эле Чүй (14,2%) жана Жалал-Абад (14%) облустарынын алуучуларына берилди.

2021-жылдын 9 айында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 36% ашыгы керектөөчүлүк муктаждыктарга багытталды, 30% жакыны - айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө, 10% ашыгы - соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жана 9% жакыны - курулушка багытталды. Муну менен бирге 2020-жылга салыштырганда керектөөчүлүк муктаждыктарга берилген микрокредиттердин үлүшүнун олуттуу көбөйүсү - 9,5 пайыздык пунктка байкалды, ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү, тескерисинче, 3,8 пайыздык пунктка кыскарды.

Январь-сентябрда калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши

Нет описания.

2021-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,9 пайыздык пунктка азайуу менен 91,2 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий