• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда милицияны полицияга өзгөртүү пландалууда

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда милицияны полиция катары кайра түзүү пландалууда. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасындагы биргелешкен коопсуздук жана кылмыштуулуктун алдын алуу саясаты” Экинчи Улуттук конференциясында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн милициянын келбети маселеси каралууда.

“Милицияны адамдарга жакын кылуу керек. Биз учурда милицияны полицияга өзгөртүү маселесин изилдеп карап жатабыз. Бул абдан маанилүү фактор. Мен милиция полициядан эмнеси менен айырмалана турганын айткым келет. Милиция – бул совет мезгилинен бери келе жаткан милитаристтик, авторитардик, аскерлештирилген түзүм. Милиция процесске жана статистикага, ошондой эле коомчулук аз көңүл буруусуна багытталган. Полиция – бул мамлекеттик укук коргоо органы, грек тилинен которгондо “мамлекет” же “шаар” деген мааниде экенине карабастан, концептуалдык милдеттери жарандык коом жана калк менен кызматташуу болуп саналат. Ошондой эле аларды укук жана эркиндик коргоо боюнча сервистик кызматтар менен камсыздоо. Бул маанилүү фактор, ошондуктан кесиптештерибиз башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын изилдеп чыгууну тапшырдым”, - деди ал.

Исаков бул акча каражаттарын салууну талап кыларын түшүндүрдү.

“Бирок муну пландуу түрдө илгерлетүү керек. Милицияны полицияга өзгөртүү процессин баштоо керек. Ошол эле учурда бардык жагдайларды, оң жана терс жактарын тыкыр изилдөө керек. Биздин мыйзамдардын форматын дагы талдап чыгуу зарыл”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий