• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда ММА боюнча профессионалдуу лига ачылды

Спорт 0

Бишкек, 11.10.18 /Кабар/. Кыргызстанда Professional League-PFL KG - КР ММА боюнча профессионалдуу лига ачылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ММА профессионалдык лигасынын президенти Данияр Бейшеналиев билдирди.

Уюмдун максаты – Кыргызстандын ММА турнирлерине катышуу үчүн мушкерлерди тандоонун жаңы системасын киргизүү. Биринчи баскычта турнирге катышууга профессионалдуу мушташтарда тажрыйбасы бар спортчуларга уруксат берилет. Ошондой эле жогорку рангдагы мелдештерде ММАнын лицензиялык турнирлериндеги натыйжалуулугу боюнча тандоо каралган.

Бейшеналиевдин айтымында, дүйнөдө сүйүүчүлөрдүн ММА боюнча эки уюм бар: Бүткүл дүйнөлүк ММА ассоциациясы – WMMAA жана Эл аралык ММА ассоциациясы – IMMAF. Аларга КРнын ММА федерациясы дагы, Панкратион федерациясы дагы кирет.

“Быйыл ушул эки уюм дүйнөдө ММАны бирдиктүү көрсөтүү, 2020-жылга карата дүйнөлүк олимпиадалык комитет тарабынан таанылуу, 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган олимпиада оюндарына катышуу максатында бириккендиги тууралуу билдиришти. Өзүңүздөр билгендей, олимпиада оюндарына катышуунун шарттарынын бири ага сүйүүчүлөрдүн катышуусу болуп саналат. Буга байланыштуу биздин федерация WMMAA IMMAF колдоосунун астында өткөн чемпионаттарга сүйүүчүлөрдүн ММА спортчуларын гана жибере алат. Андыктан КР ММАнын профессионалдуу лигасын - PFL KG түзүү чечими кабыл алынган”, - деди ал жана бул спорттун түрү көп элди чогултарына басым жасады.

Кыргызстанда өлкөнү дүйнөлүк аянтта тааныткан таланттуу балдар бар. Бул планда лига кесипкөйлүктүн деңгээли көрүнүшү үчүн мушкерлерди жогорку деңгээлде даярдайт.

“Келечекте спортчулар келишимдерди түзө алышат. Мушкерлер социалдык планда көбүрөөк корголушат. Мушташтар төлөнөт. Бүгүнкү күндө максималдуу гонорардын суммасы 1 миң долларды түзөт”, - деп кошумчалады президент.

ММА федерациясынын башкы катчысы Александр Голенко турнирлер өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөрүн билдирди.

“Жаштар арасында турнир, Жалал-Абадда республиканын чемпионатын өткөрдүк. Спорт жайылып жатат, биз аймактардагы спортту өнүктүрүүнү чечтик. Азия чемпионаты өттү, Бахрейндеги дүйнө чемпионатына даярдык жүрүүдө”, - деди ал.

PFL KG максаты – “титул” кылбай жана “чемпиондук курду” таратууну уюштурбастан, аралаш мушташ боюнча рингде өздөрүнүн жакшы сапаттарын көрсөтө турган, жогорку деңгээлдеги мушкерлерди тартуу. 2-3-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында чемпионат жана профессионалдуу турнир өтөт. Уюмдун вице-президенти Абасбек Доромбаев билдиргендей, 20-21-октябрда Кантта жактыруучу чемпионат болот, андан соң Кара-Балтада өтөт.

Кесипкөй лиганын башкы машыктыруучусу Талантбек Байсаловдун айтымында, лигага бардык каалоочулар келсе болот. “Мачмейкер иштейт, спортчулар тандалып алынат, алар күчтүү болушу үчүн окутулат. Гонорар квалификациядан көз каранды болот. Эң мыкты мушкерлер менен бир жылга келишим түзүлүп, алар машыгуу учурунда өздөрүн турак жай, тамак-аш менен камсыз кылуусу үчүн гонорар стипендия катары берилет”, - деди.

Маалыматка ылайык, PFL KР турнири ушул жылдан тарта Гран-при системасы аркылуу өткөрүлөт. Жыйынтыгында жеңүүчү аралаш мушташ боюнча эл аралык PFL ASIA турнирдин торуна киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий