• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда мугалимдер үчүн "Санарип мугалим" онлайн-вебинары өткөрүлүүдө - Жусупбекова

Билим 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. 5-августтан тарта өлкөнүн бардык билим берүү мекемелеринде "Санарип мугалим" онлайн-вебинары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, ал вебинардын максаты мугалимдерди интернет аркылуу сабак өтүү, окуучунун сабактагы жетишкендиктерин баалоо, балдар менен иштөөнү уюштуруу болуп саналат.

"Ошондой эле министрлик мугалимдерге жаңы технологиялар жана квалификацияны көтөрүү боюнча дагы бир вебинар өткөрүүнү пландоодо", - деди ал.

Ал белгилегендей, министрлик тарабынан "Дистанттык окутуунун технологияларын колдонуу" аталышындагы 72 сааттык семинар даярдалды.

"Ошондой эле "Кыргызстандын мугалимдеринин август конференциясына" даярдыктар көрүлүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий