• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда мугалимдерге маалыматтык сабаттуулук окутулууда

Коом 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. 31-марттан 3-апрелге чейин Бишкек шаары жана Чүй облусундагы мугалимдерге медиа жана маалыматтык сабаттуулук окутулууда. Бул тууралуу “ЖМКларды колдоо борбору” фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуу “ЖМКларды колдоо борбору” фонду тарабынан каржыланып, КРнын билим берүү министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

“Мугалимдер Бишкек шаары жана Чүй облусунун 12 сынамык мектебинен “Адам жана коом”, “тарых”, “экономика” сабактарынын окутуучуларынан арасынан тандалып алынды. Окутуунун программасы “Интернет-сабаттуулук”, “Азыркы өспүрүмдрдүн психиологиясы”, “Медиа жана маалыматтык сабаттуулук” темалары боюнча тажрыйбалуу медиаэксперттердин лекция жана практикалык сабактарынан турат. Окутуу “КРнын мектептик билим берүү тутумунда медианы жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө”,-деп белгиледи фонддон.

“КРнын мектептик билим берүү тутумунда медианы жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү” долбоорунун максаты жаштардын жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-коопсуздугу тууралуу билимин жогорулатып, сын-пикирди, ЖМКнын мазмунун анализдөөнү жана ЖМК тараптан манипуляцияга каршы турууга үйрөтүүгө негизделген.

Долбоордун алкагында мектептик билим берүү тутумуна медиа жана маалыматтык сабаттуулук, мугалимдерди окутуу боюнча жаңы ийримдерди жайылтуу жана медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча онлайн платформа түзүү мүмкүнчүлүгү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий