• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда мунайзат өндүрүшүнүн көлөмү көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылдын башынан бери мунайзат өндүрүшүн өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Өсүштүн көрсөткүчү 34,9 пайызды түзгөн, бүгүнкү күндө өлкөдө тазаланган мунайзатты өндүрүшүн өндүрүү менен 4 ишкана алектенет: “Кыргыз Петролиум Компани” ЖАК, Жалал-Абаддагы, Кеминдеги жана Кара-Балтадагы мунайзатты кайра иштетүүчү ишканалар.

Ведомстводон билдиришкендей, өндүрүш тармагында текстиль секторунда көрсөткүчтөрдүн 1,5 эсе, кийим-кече чыгарууда 24,9 эсе, резина жана желим буюмдарды чыгарууда жана металл эмес минералдык өндүрүштөрдү өндүрүүдө 16,8 пайызга өскөндүгү байкалган.

Ички дүң продуктунун жалпы көлөмүндө өнөр жайдын үлүшү 310,3 миллиард сомдон 146 миллиард сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий