• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда музей фондунан буюмдарды өткөрүп берүүгө тыюу салынды

Коом 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик музейлердин музей фондунан буюмдарды өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндө буйрукка кол коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын сакталышы жана уурдалышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музейлеринин музей фондунан мекемелердин ички жасалгаларын кооздоо үчүн музей буюмдарын убактылуу пайдаланууга берүүгө жана көргөзмөлөрдү адистештирилбеген мекемелерде уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койду.

Буйуруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрликтин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий