• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасындагы маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн 480 миң сом каралган.

Эске салсак, мындан мурда маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлери үчүн да айлык акыны 80%га жогорулатуу орун алган.

Пикир

Оставить комментарий