• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда мыйзам бузган 5 акча алмаштыруу жайы убактылуу ишин токтотту

Коом 0

Бишкек, 07.02.23./Кабар/. 2023-жылдын башынан тартып Улуттук банк тарабынан 25 акча алмаштыруучу жайга инспектордук текшерүү жүргүзүлдү.

Финансылык жөнгө салуучу орган кабарлагандай, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 34 жазма буйрук жөнөтүлдү. 5 алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду. 2 акча алмаштыруучу жайга 55 миң сомдон айыппул салынды.

Эгерде банктар же алмашуу бюролору чектөөлөрдү белгилесе же болбосо маалымат тактасында көрсөтүлгөн валюта курстан айырмаланган курс менен чет өлкө валютасын сатса, бул фактыны видео же фото түрүндө тартып, Улуттук банкка кайрылуу керек.

Улуттук банк тарабынан валюта рыногунун катышуучуларынын ишине пландан тышкаркы жана пландуу инспектордук текшерүүлөр үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп турат.

Белгилей кетсек, учурда алмашуу бюролорунда накталай АКШ доллары жетиштүү көлөмдө бар.

Пикир

Оставить комментарий