• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда мыйзам бузууларды документтештирүү боюнча 200дөн ашык топ түзүлдү – ИИМ

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Бардык укук бузуулар боюнча өз убагында укук коргоо органдары тарабынан юридикалык баа берилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Шайназаровдун айтымында, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмышты жасаганда гана жоопко тартылат.

"Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү болобу же добуш сатуу фактысы болобу укук бузуулар боюнча өз убагында укук коргоо органдары тарабынан юридикалык баа берилет", - деди ал.

Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов кошумчалагандай, 10 шайлоо участкасында мыйзам бузууларды документтештирүү боюнча бир топ түзүлдү. Алар мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүлөргө дароо барып, жеринен териштирет. "Өлкө боюнча 200дөн ашык ушундай топтор түзүлгөн", - деди Макилов.

Пикир

Оставить комментарий