• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда мыйзам иштейт, талап-тоноого эч ким барбашы керек - "Апрель байрагы" бирикмеси

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда мыйзам иштейт, талап-тоноого эч ким барбашы керек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Апрель байрагы" коомдук бирикмесинин төрагасы Канат Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, ар бир адам өзүнүн атуулдук милдетин аткарышы керек. "Кызмат орундарды ээлеп алууга бөгөт коюлушу керек. Кыргызстанда мыйзам иштейт, талап-тоноого эч ким барбашы керек. Элдик бийлик орнош керек болуп жатат. Аны камсыз кылыш үчүн мыйзам талаасына келүү керек", - дейт ал.

Элдик кошуундар союзунун төрагасынын орун басары Тариэл Искаков элдик кошуундардын катарына кирген адамдардын саны 10 миңден ашарын айтат.

Пикир

Оставить комментарий