• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда мыйзамдуу түрдө дээрлик 13 миң чет элдик эмгектенет – Кудайбердиев

Коом 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылы жумушка уруксат баракчасын 12 миң 950 чет элдик жаран алган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Кудайбердиев билдирди.

Анын айтуусунда, миграция кызматында ведомство аралык уруксат берүүчү комиссия уюштурулган. Бул комиссия сүйлөшүп, чет элдик компанияларга уруксат берүү боюнча чечим кабыл алат. “Комиссиянын түзүмүндө Салык кызматынын, УКМКнын, Соцөнүктүрүү министрлигинин жана башка ведомстволордун өкүлдөрү бар”, - дейт Кудайбердиев.

Ал белгилегендей, чет элдиктердин көбү Бишкекте эмгектенет. Бул борбор инвесторлор үчүн абдан кызык болгондугуна байланыштуу. “Жалал-Абал облусунда – 15%, Ошто – 5%, Ош шаарында 3%га жакын, Баткен облусунда – 3%, Ысык-Көлдө – 1,6%. Ал эми Нарын менен Талас облустарында эң төмөнкү көрсөткүчтөр катталган.

Кудайбердиев белгилегендей, чет элдик жарандар көбүнчө өндүрүш жана курулушта – 46%, айыл-чарба тармагында – 2%, энергетика, жер казынасын пайдалануу жана чалгындоо тармактарында 2%, соода жана коомдук тамак-аш жайларында 22,5%дан жогору, саламаттык сактоо жана банк секторунда 9%дан жогору эмгектенишет.

“Уруксат документтери көбүнчө Кытай мамлекетинин жарандарына берилет. 2018-жылы Кытай Эл Республикасынын 9 миң 600 жараны иштөөгө уруксат алган. Түркиянын 1 миң 606 жаранына, Түштүк Кореянын 324 жаранына, Пакистандык 270 жаранына берилген”, - дейт Кудайбердиев.

Пикир

Оставить комментарий