• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзгөн чет элдик жарандардын тобу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.07.22. /Кабар/. УКМК тарабынан диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзгөн чет элдик жарандардын тобунун аракеттери токтотулду. Бул тууралуу КР УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Медициналык окуу жайлардын Индия, Пакистан жана Бангладеш жарандарынын 10 студенттен турган тобунун дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органда (ДИМК) каттоосу жок, Бишкек шаарынын аймагында миссионердик ишмердүүлүк жүргүзүшкөнү аныкталды. ДИМК менен биргеликте текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, каттоого алынды.

УКМК чет өлкөлүк жарандарды республиканын аймагында жүргөндө Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырат. Ошондой эле, окуу жайлардын жетекчилигине чет элдик студенттерди мыйзамсыз диний иштерге тартуунун алдын алуу максатында түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий