• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда МЖӨ мамлекет менен жеке тармактын өз ара алакаларынын жаңы куралы – А.Кожошев

Экономика 0

Бишкек, 6-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мамлекеттин жана жеке тармактын өз ара аракеттешүүсүндөгү жаңы курал болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Министр МЖӨ механизмин киргизүү, жүргүзүлүп жаткан иштер жана долбоорлордун жыйынтыктары, ошондой эле, МЖӨ өнүктүрүү тууралуу айтып берди.

“Кыргызстанда бүгүнкү күндө МЖӨ долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн нормативдик-укуктук база бар, институттук жана каржылык база түзүлгөн. Ошондой эле өлкөдө МЖӨ долбоорлорун натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мыйзамдык, институттук жана каржылык чөйрө түзүлгөн. 2014-жылы уставдык капиталы 4 млн долларлык МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду түзүлгөн. Учурда саламаттыкты сактоо, транспорт, шаардык инфратүзүм жана башка тармактарда 13 мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча иштер жүрүп жатат”, - деди А.Кожошев.

Бирок, Экономика министри өлкөдө МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууга жакшы чөйрө бар экендигине карабастан, аларга катышкан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын активдүүлүгү начар болуп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий