• 84.75
  • 102.96
  • 1.14

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөгөнү байкалууда

Экономика 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын январь айынан август айына чейин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн азайганы байкалууда.

Улуттук статистика комитеттин маалыматына караганда, жыл башынан бери өнөн жай өндүрүшүн чыгаруунун көлөмү алдын ала эсеп боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын түзүмүндө 146 миллиард сомду түзгөн.

Бул көрсөткүч анын 9,3 пайызга төмөндөгөнүн билдирет. Ал металл кендерин казып алуунун 62,4 пайызга, баалуу металлдарды чыгаруунун 18 пайызга кыскарганы менен шартталган.

Адистер билдиришкендей, көрсөтүлгөн убакыттагы ички дүң продукциясынын көлөмү 310,3 миллиард сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий