• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда нандын баасы бир жылда орто эсеп менен дээрлик 10%га кымбаттаган

Экономика 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда нандын чекене баалары жылына орто эсеп менен дээрлик 10 пайызга кымбаттаган. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, республиканын 18 калктуу конушу боюнча негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторинги жүргүзүлгөн.

2021-жылдын 24-ноябрына карата нанга болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 52,76 сомду түзгөн жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 9,9 пайызга жогорулаган. Ал эми жапма нан 1 кг 76,38 сомду түзүп, 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,1 пайызга өстү.

Ошол эле учурда, нандын максималдуу чекене баалары Ноокат (бир кг үчүн 69,57 сом), Токтогул (бир кг үчүн 70,07 сом), Кара-Суу (бир кг үчүн 75,63 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Каракол (бир кг үчүн 41,73 сом), Токмок (бир кг үчүн 45,66 сом) жана Кара-Балта (бир кг үчүн 49,42 сом) шаарларында катталды.

Жапма нандын чекене баасы орточо республикалык деңгээлден жогору болуп Өзгөн (бир кг үчүн 93,28 сом), Балыкчы (бир кг үчүн 93,67 сом) жана Кербен (бир кг үчүн 107,17 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Каракол (бир кг үчүн 47,47 сом), Нарын (бир кг үчүн 62,90 сом) жана Токмок (бир кг үчүн 65,51 сом) шаарларында байкалды.

Өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу нанга болгон баанын эң көп өсүшү Талас - 28,6 пайызга, Токтогул - 25 пайызга жана Кара-Балта шаарларында - 15 пайызга кымбаттаган, ал эми лепешкага Токтогул 39,1 пайызга, Өзгөн - 21,3 пайызга жана Бишкек шаарларында - 21,1 пайызга катталды.

Пикир

Оставить комментарий