• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда наристелердин дээрлик жарымы атасыз төрөлөт – Рысбекова

Коом 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда наристелердин дээрлик жарымынан көбү атасыз төрөлөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы Кыргызстанда 170 миң бала төрөлсө, анын 22%ы расмий никеге турбаган энелердин балдары болгон. “Ошондой эле статистика боюнча бардык балдардын ичинен 49%ы үй-бүлөдө атасыз жашашат. Бул начар тенденция. Акыркы 5 жылда никени каттоо 10%га кыскарса, ажырашуу 19%га өскөн”, - деди ал.

Ошондой эле ал коомдо терс тенденция жүрүп жатат, үй-бүлөлүк баалуулуктардын төмөндөөсү байкалууда деп белгиледи.

“4-5 балалуу энеде балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын кол тамгасынын ордуна сызыкча менен белгиленген учурлар бар. Адатта, аялдар өздөрү үчүн атасы жок 1-2 бала төрөп алышат. Акыркы жылдары үй-бүлө институту бузулуп бара жатат. Изилдөөгө ылайык, өлкөнүн калкы 2030-жылга карата картая баштайт. Азыркы оор кырдаалдагы балдар ата-эне болушат жана мунун бары кандай болорун билбейбиз. Бүгүнкү ата-энелер 90-жылдардагы оор мезгилде чоңойгон балдар. Ошол муун азыр ата-эне болушту. Биз үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарды, анын ичинде физикалык, сексуалдык зомбулуктарды көрүп жатабыз”, - деди ал.

Анын айтымында балдар ата-энесин карылар үйүнө өткөрүп берген фактылар көбөйдү, буга чейин мындай көрүнүш жалгыз бой кары адамдарга гана тиешелүү болчу.

Пикир

Оставить комментарий