• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда насвайдын баасын көтөрүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда насвайга болгон бааны тамеки менен бирдей кылуу сунушталууда. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Тамекисиз Кыргызстан" улуттук коалициясынын мүчөсү Адилет Досмамбетов билдирди.

Досмамбетов Баткен облусунда сурамжылоо жүргүзүп, эркектердин жарымы күн сайын насвай колдоноорун аныктаган.

"Кээ бир райондордо насвайды аз колдонушат жана алар тыюу салуусун колдойт. Ошол эле учурда, Баткен облусунун сурамжылоого катышкан 30%ы "кара тамеки" өстүрүшөт. Андан насвай жасашат. Алар үчүн помидор өстүргөндөй эле кадимки көрүнүш. Бул облуста эркектердин 50% күн сайын аны колдонот. Биз кантип алардын күн сайын колдонгон нерсесине тыюу сала алабыз?" – дейт ал.

Досмамбетов белгилегендей, насвайдын курамында эмне бар экенин эч ким билбейт. Бирок ага карабай жеткиликтүү жана баасы өтө арзан турат.

Изилдөөгө ылайык, 10 жыл мурун насвайдын жайылышы республика боюнча 10% болсо, азыр 15-20%ды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий