• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда өндүрүлгөн эттин сапаты дүйнөлүк талаптарга жооп берет — Акылбеков

Коом 0

Бишкек, 17.10.19 /Кабар/. Кыргызстанда өндүрүлгөн эттин сапаты дүйнөлүк талаптарга жооп берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өлкөнүн түндүк регионундагы Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директорунун орун басары Шабдан Акылбеков кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, малчылар жана ветеринарлар менен жүргүзүлгөн иш-аракеттин жыйынтыгында эттин сапатын жакшыртууга шарт түзүлдү. Атап айтканда, бул малга карата колдонулган дары-дармектерди көзөмөлдө аркылуу мүмкүн болгон.

“Эгер буга чейин антибиотиктерди малдарга малчылар өздөрү берип, ал көзөмөлдөнбөй келген болсо, эми ветеринардык кызмат дары-дармектерди малга берилүүсүн көзөмөлгө алган. Мунун эсебинен, малдын эти бардык нормаларга жооп берет”, - дейт Акылбеков.

Ал эми коркунучтуу оорулар жана өлкөдөгү эпизоотикалык абал боюнча сөз кылган Акылбеков, андай коркунучтуу оорулар жок экендигин кошумчалады.

“Биздин лаборатория эл аралык аккредитациядан өткөн. Бизге үлгүлөр алынып келинет, биз аларды изилдеп чыгып, протокол толтурабыз. 2015-жылдан тарта бизде бир да коркунучтуу мал оорусу табылган эмес”, - деп ишендирди ал.

Акылбеков кошумчалагандай, кыргыз эти Кувейт, Иран, Араб Эмираттары жана Россия сыяктуу өлкөлөрдү кызыктырып келет.

Пикир

Оставить комментарий