• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда “Нелегал-2021” рейдинин жүрүшүндө 3,4 кг баңгизаты алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 5-июлдан 12-июлга чейин "Нелегал-2021" комплекстүү иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Операцияны өткөрүүнүн жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылды:

- мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 19 факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды;
- Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 13 факты аныкталды (Жоруктар жөнүндө кодексинин 108-беренеси);
- чет өлкөлүктөрдү каттоо тартибин бузган 24 факты аныкталды (Бузуулар жөнүндө кодексинин 292-беренеси);
- чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузган 3 факты аныкталды (Бузуулар жөнүндө кодексинин 57-1-беренеси);
- 54 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган;
- мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 4 факты аныкталды (Жазык кодексинин 358-беренеси);
- экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу боюнча 15 факты аныкталды (Жазык кодексинин 315-беренеси);
- баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу 7 кылмыштын бети ачылды, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 кг 436 гр салмактагы гашиш жана марихуана алынды.

Пикир

Оставить комментарий