• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда “Ноорузга” карата көк бөрү боюнча турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 14.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстанда 15нен 21-март күндөрү “Нооруз” майрамына карата көк бөрү боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу КР аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Турнир республикалык улуттук “Ак-Кула” ипподромунда өтөт. Башында тандоо оюну болот, 20-мартта – жарым финал, 21-мартта финал.

Аталган оюнду КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтөт.

Турнирге 16га жакын команда катышат: “Ынтымак”, “Достук”, “Четинди”, “Биримдик”, “Мурас”, “Арашан”, “Көк Жал”, “Толкун”, “Төшбулак”, “Аафият”, “Илбирс”, “Казарман”, “Долон”, жана “Сары-Өзөн”.

Пикир

Оставить комментарий