• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-январда Кыргызпатент Инновациялык борбордо ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мекеме жыл сайын аталган майрамды белгилеп келет.

“Бүгүн биз сиздер менен жаш жаратмандарды даңазалоо үчүн чогулуп жатабыз. Биздин иш-чарабыз курчап турган айлана-чөйрөгө балдардын кызыгуусун арттырууга жана турмуштук көйгөйлөрдү чечүүдө чыгармачылыкты колдонууга үндөө максатын көздөйт”, - деп белгиледи иш-чараны ачып жатып Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаева.

Салтанаттуу аземде КР УИАнын машина таануу жана автоматика институту менен бирге инженердик мектептин ачылышы болуп өттү.

Куттуктоо сөзүнө ЮНИСЕФтин жаштарды жана өспүрүмдөрдү өнүктүрүү программалары боюнча координтору Н.Каракулова жана КР УИАнын машина таануу жана автоматика институтунун директору Б. Султаналиевдер чыгып сүйлөштү.

Балдар үчүн FABLab лабораторияда гравировака жана лазердик кесүүчү станокту колдонуу боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, графикалык дизайн боюнча киришүү сабагы, 3D принтерде басып чыгаруу үчүн 3D моделин түзүү, техникалык китепканада балдар үчүн атайын викторина, STEAM боюнча илимий эксперименттер, ошондой эле балдардын техникалык чыгармачылык көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чарада “-“Metabilim” компаниясынын негиздөөчүсү Тыныбек уулу Жылдызбек, “Маткасымов” компаниясынын негиздөөчүсү – Убай Маткасымов, Google продуктун адиси, Youtube мекемесинин кызматкерлери жана Dance 4life долбоорунун тренери Асыл Акулуева да спикер катарында чыгып сүйлөштү.

Иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустарынын, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери, окуучулар, жалпысынан онлайн жана офлайн форматта 3 миңден ашуун киши катышты.

Пикир

Оставить комментарий