• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда октябрь айынан тарта пенсия орточо 400 сомго жогорулайт - Соцфонд

Коом 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда октябрь айынан баштап пенсия жогорулайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 397 сомго жогорулап, анын орточо өлчөмү 6 миң 61 сомду түзөт.

"Индексациялоонун жыйынтыгы менен пенсиялардын өлчөмдөрү орточо эсеп менен 107 пайызга өсөт. Натыйжада, өлчөмү 4286,7 сомдон ашпаган пенсиялар эң аз дегенде 300 сомго, ал эми өлчөмү 4286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар эң аз дегенде 360 сомго жогорулатылат", - дейт ал.

Ирсалиев кошумчалагандай, 689 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 827,8 млн сом, анын ичинен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 75,2 млн сом, пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 752,6 млн сом кошумча керектелет.

Пикир

Оставить комментарий