• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда «Окуган бала – гүлдөгөн Кыргызстан» жумалыгы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтынын жанындагы Курманжан Датканын эстелигинин аянтчасында эртең, 21-апрелде «Окуган бала – гүлдөгөн Кыргызстан» жумалыгы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн расмий ачуу аземинде уюштуруучулар сөз сүйлөшүп, кызыктуу жана пайдалуу иш-чаралар менен коштолот.

Ал жерде өтүүчү иш-чаралар:

 «АКШда билим алуу»: ACСELS, АКШ элчилигинин кызматкерлеринин жана АКШ окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн кеңештери.

 Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү жазуучуларынын китептеринин көргөзмөсү жана китептерди сатуу;

 «Айтматовду окуйбуз» аянтчасы: Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча конкурстар жана викториналар;

 Фольклордук жана эстрадалык музыка концерти, балдар бий топторунун катышуусу менен;

 балдар үчүн цирк оюндары;

 куурчак спектакли;

 «Келгиле, окуйбуз!» аянтчасы: беш негизги окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча балдар жана ата-энелер үчүн оюндар жана көнүгүүлөр, логопеддердин акысыз кеңештери;

 «Кызыктуу устакана»: кагаз жана асфальт бетине тартылган балдар сүрөттөрүнүн конкурстары, оригами жана квиллинг боюнча балдар үчүн мастер-класстар;

 «Чыгармачылык лабораториясы»: конструктор чогултуу боюнча мелдештер, робототехника боюнча мастер-класс;

 «Шаңдуу старт»: спорттук мелдештер, чоңдор жана балдар үчүн стол үстүндө ойноло турган оюндар;

 «Усталар шаары»: реабилитациялык борборлордун, мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жасаган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана аларды сатуу;

 Улуттук «Китеп искусствосу» конкурсунун жети номинациясы боюнча сыйлыктарды тапшыруу;

Уюштуруучулар: КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КР Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ, «Ага -Хан» фонду, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана КРдагы АКШнын элчилиги.

Пикир

Оставить комментарий