• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда окуучулар альтернативалык олимпиадага катыша алышат

Коом 0


Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда окуучулар альтернативалык олимпиадага катыша алышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, эми окуучулар жылда өтүүчү республикалык олимпиада менен катар математика, биология, химия, физика жана информатика боюнча эл аралык жарыштарга катышуу үчүн альтернативалык олимпиадага катыша алышат.

Тандоо туру онлайн жана офлайн түрүндө өтөт.

"Биринчи жана экинчи баскычтары ушул жылдын декабрь айында башталып, келерки жылдын январь айы бою онлайн түрүндө болот. Үчүнчү жана төртүнчү баскычтары февралдан апрель айы бою айларында офлайн түрдө өтөт. Аны менен катар республикалык олимпиадага катышууга болот. Альтернативалык олимпиаданын үчүнчү баскычында жалпы рейтинг боюнча эң жогорку балл алгандар республикалык олимпиаданын төртүнчү туруна катышат алышат", - дейт ал.

Жусупова белгилегендей, өткөн жылы эл аралык олимпиадаларда (IMO, IBO, IOI, IPHO, ICHO) медаль алган окуучулар олимпиаданын финалына катыша алышат.

Пикир

Оставить комментарий