• 84.8
  • 98.32
  • 1.21

Кыргызстанда окуучулар арасында кырсык тобокелин азайтуу боюнча сынак жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда мектеп окуучулар арасында кырсык тобокелин азайтуу боюнча сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

2020-жылдын сентябрь-октябрь айларында кырсык тобокелин азайтуу күнүнүн алкагында өлкөдөгү бардык мектеп окуучулары "Мен келечекте куткаруучу, дарыгер болгум келет", "Коронавирус эпидемиясы эмнеге үйрөттү?" жана "Суу жээгинде эс алуу эрежелери" темалары боюнча "Эң мыкты эссе" жана "Эн мыкты сүрөт" кароо сынагы жыйынтыкталды.

Сынак онлайн түрүндө эки ай убакыт жүргүзүлдү. Баардыгы болуп 670 мектептен 1 миң 339 мектеп окуучусу катышкан. Иш чара Улуттук Кызыл жарым ай коому Швейцариялык кызыл чырым коомунун каржылоосу менен болду.

Мыкты деп тандалган мектеп окуучуларына баалуу белектерди өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев тапшырып, өнөр ээлерин билим жаатында мындан да мыкты жетишкендиктерге жетишин каалады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук жана шаардык башкармалыктары, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү кырсыктардын тобокелин азайтуу иш-чараларын улантат.

Пикир

Оставить комментарий