• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда окуучулар кышкы каникулга качан тарай тургандыгы айтылды

Билим 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 31-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучулар 12 күнгө каникулга тарайт. Сабактар 2022-жылдын 12-январынан башталат.

Эске сала кетсек, 2021-2022-окуу жылында менчиктин бардык типтериндеги жана формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий