• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте 2021-жылдын 8-13-февралдарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана «Алтын түйүн» БРИТА 60 жылдыгына арналган Илим, техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Окумуштуулар жана эмгек ардагерлери менен жолугушуулар, өндүрүшкө жана ири илимий-изилдөө борборлоруна экскурсия жасоо, интеллектуалдык сынактар жана викториналарды өткөрүү, окуучуларды өлкөнүн өнөр жай ишмердүүлүгү менен эле тааныштырбастан, окуучулардын инженердик-техникалык адистиктерге болгон кызыгуусун ойготуу үчүн өбөлгө болуп саналат.

Бул жылы Жумалык биздин өлкөдө 15-ирет өтүп жатат. Жумалыктын алкагында «Өрнөктүү окумуштуулар», «Техника күнү», «Өндүрүш күнү» акциялар өтөт. Республиканын окуучулары окумуштуулар жана ойлоп табуучулардын өз ооздорунан дүйнөлүк илимдин жетишкендиктери, ошондой эле Кыргызстандагы илим жана экономиканын келечеги жөнүндө уга алышат, өнөр жай ишканаларына жана айыл чарба агрофирмаларына барышат, жаңы технологиялык процесстер, чакан жана орто бизнес менен таанышат. Өз кезегинде, Жумалыктын жүрүшүндө балдар өздөрүнүн чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн жана ийгиликтерин көрсөтө алышат. Бардык жерлерде техникалык чыгармачылыктын көргөзмөлөрү ачылат, ойлоп табуучулук жана экономикалык долбоорлор жакталат.

9-февралда, «Илим күнүндө», өлкөнүн окуучуларына КР Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен Бишкек шаарында да, Ош шаарында дагы жолугушуулар өткөрүлөт, «Технопаркка» жана илимий-изилдөөчүлүк институттарга экскурсиялар уюштурулат, Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун, И. Раззаков атындагы КМТУнун, ОшТУ, ОшМУ, ЖАМУ, ЫМУ жана башка өлкөнүн алдыңкы ЖОЖдорунун профессордук-окутуучулук курамы менен тегерек столдор өтөт. Ошондой эле, дүйнөлүк илимдин жана техниканын жетишкендиктери тууралуу лекциялар окулат, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоорлордун сынактары, интеллектуалдык оюндар жана викториналар өттү.

10-февралда, «Өндүрүш күнүндө», бүткүл өлкө боюнча экскурсиялар, анын ичинде онлайн форматта, өндүрүштүк ишканаларга, өнөр жай ишканаларына, фабрикаларга, заводдорго жана өнөрканаларга, окуп жаткан жаштарды технологиялык процесстер жана техникалык адистиктер менен тааныштыруу үчүн уюштурулат. Бул күнү балдар ишканалардын иши менен ичтен таанышууга, инженерлер жана рационализаторлор менен жолугушууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жумалыктын маанилүү окуяларынын бири болуп «Илим + Ойлоп табуу = Техника!» республикалык окуучулардын илимий-техникалык олимпиадасы эсептелет. Ал 9-февралдан 12-февраль аралыгында өтөт. Бул жылы ИТО уюштуруучулары тарабынан анын курамына Симпозиумду кошуу чечими кабыл алынган. Себеби илим жана техниканы муундарга өткөрүп берүүсүз, мектеп, жожду интеграциялоосуз, ошондой эле илимий коомчулукту активдүү катыштырбастан өнүктүрүүгө мүмкүн эмес. Олимпиада менен симпозиум «Инновациялык өнүгүү: илим жана билим берүүнүн потенциалы - региондорду индустриалаштыруунун негизи» урааны алдында өтөт. Республиканын окуучулары өздөрүнүн илимий баяндамалары менен колдонуудагы моделдерин көрсөтөт. Келген конокторду илимий-техникалык көргөзмө менен тааныштырат. Симпозиумдун баса белгилей кете турган артыкчылыгы болуп, окуучулар менен бирге өздөрүнүн баяндамаларын Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жаш окумуштуулары да окушат. Симпозиумга Кыргызстандын бардык областынан 20 команда – 100дөн ашык адам катышат!

ИТО ачылышы жана Симпозиум 10-февралда саат 10.00до КР Улуттук илимдер академиясынын Чоң жыйындар залында болот. Ачылышында КР Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын атынан ыйгарылуучу стипендиялар «Алтын түйүн» БРИТА тарбиялануучуларына окуудагы жана илимий-практикалык иштериндеги ийгиликтери үчүн тапшырылат.

12-февралда саат 10.00до Кыргыз Республикасыныны Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында Окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу жабылышы болот: анын жыйынтыктарын чыгаруу, ИТО жеңүүчүлөрүн сыйлоо КР ББИМ Өтмө кубогун олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө тапшыруу, «Алтын түйүн» БРИТАнын тарбиялануучуларына окуудагы жана ойлоп табуудагы ишиндеги өзгөчө ийгиликтери үчүн «Жаш академик» наамын ыйгаруу болот.

Окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы – бул өсүп келе жаткан муундун өлкөнүн өнөр жай турмушуна кызыгуусун арттырган кубаттуу импульс.

Пикир

Оставить комментарий