• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда окуучулардын “Жаша, Жер” жана “Ак илбирсти сактап калалы” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Кечээ Бишкекте мектеп окуучулары арасындагы республикалык экологиялык “Жаша, Жер” жана “Ак илбирсти сактап калалы” сынагынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын сыйлоо салтанаттуу аземи өттү. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, сынакка республиканын мектептеринин окуучулары катышкан. Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга экологиялык энциклопедиялар тапшырылды. Мамагенттиктин директору Абдыкалык Рустамов мугалимдерге жана окуучуларга жигердүү катышуулары үчүн ыраазычылык билдирип, белектерди тапшыруу менен окууларына жана экологиялык ишмердиктерине ийгиликтерди каалады.

Маалымат үчүн: Сынак Мамлекеттик айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Билим берүү жана илим министрлиги менен түзгөн биргелешкен иш-чаралардын Календарлык планына ылайык өткөрүлүүдө. Мамагенттиктин аталган министрлик менен экологиялык жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү тармактарында 2003-жылдан бери кызматташат. 2016-2017-окуу жылына календарлык планды ишке ашыруга 700 миң сомдон ашык бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий