• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда ооруканаларда 1 миң 230 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 1 миң 230 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 4 миң 474 адам дарыланып жатат.

"Бишкек шаарында 174 киши, Ош шаарында – 63, Чүй облусунда – 119, Ош облусунда – 226, Нарын облусунда – 50, Ысык-Көл облусунда – 176, Жалал-Абад облусунда – 248, Талас облусунда – 52, Баткен облусунун ооруканаларында 122 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 196 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 42 миң 703тү түзөт. Алардын ичинен 35 миң 831 киши айыгып чыкты, 1 миң 55 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий