• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда ооруканаларда 1 миң 309 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 1 миң 309 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 4 миң 427 адам дарыланып жатат.

"Бишкек шаарында 201 киши, Ош шаарында – 74, Чүй облусунда – 123, Ош облусунда – 224, Нарын облусунда – 58, Ысык-Көл облусунда – 196, Жалал-Абад облусунда – 264, Талас облусунда – 54, Баткен облусунун ооруканаларында 115 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 182 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 42 миң 507ни түзөт. Алардын ичинен 35 миң 486 киши айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий