• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда ооруканаларда 12 миң 385 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 12 миң 385 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 6 миң 98 адам жана 6 миң 287 бейтап пневмониядан
дарыланууда.

"Бишкек шаарында 5 миң 729 киши, Ош шаарында – 677, Чүй облусунда – 1 миң 641, Ош облусунда – 1 миң 236, Нарын облусунда – 307, Ысык-Көл облусунда – 878, Жалал-Абад облусунда – 972, Талас облусунда – 323, Баткен облусунда 622 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 921 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 31247ни түзөт. Алардын ичинен 18038 киши айыгып чыкты, 1211 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий