• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда ооруканаларда 12 миң 563 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 12 миң 563 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 6 миң 238 адам жана 6 миң 325 бейтап пневмониядан дарыланууда.

"Бишкек шаарында 2 миң 858 киши, Чүй облусунда – 546, Ош облусунда – 549, Талас облусунда – 343, Нарын облусунда – 264, Ысык-Көл облусунда – 668, Жалал-Абад облусунда – 534, Баткен облусунда – 173, Ош шаарында 120 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий