• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда ооруканаларда 13 миң 201 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 13 миң 201 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 6 миң 701 адам жана 6 миң 500 бейтап пневмониядан дарыланууда.

"Бишкек шаарында 6 миң 325 киши, Ош шаарында – 657, Чүй облусунда – 1 миң 706, Ош облусунда – 1 миң 289, Нарын облусунда – 343, Ысык-Көл облусунда – 945, Жалал-Абад облусунда – 962, Талас облусунда – 350, Баткен облусунда 624 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 967 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 30326ны түзөт. Алардын ичинен коронавирустан 16791 киши айыгып чыкты, 1169 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий