• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда ооруканаларда 4 миң 115 адам коронавирустан жана 5 миң 751 бейтап пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 10 миң 866 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 4 миң 115 адам жана 5 миң 751 бейтап пневмониядан дарыланууда.

Бишкек шаарында 3 миң 951 киши, Ош шаарында – 586, Чүй облусунда – 1 миң 227, Ош облусунда – 1 миң 163, Нарын облусунда – 212, Ысык-Көл облусунда – 1 миң 37, Жалал-Абад облусунда – 862, Талас облусунда – 338, Баткен облусунун ооруканаларында 489 бейтап дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 668 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 34512ни түзөт. Алардын ичинен 23343 киши айыгып чыкты, 1347 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий