• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда ооруканаларда 6 миң 124 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 6 миң 124 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 1 миң 443 адам жана 4 миң 681 бейтап пневмониядан дарыланууда.

"Бишкек шаарында 2 миң 940 киши, Ош шаарында – 511, Чүй облусунда – 540, Ош облусунда – 797, Нарын облусунда – 72, Ысык-Көл облусунда – 475, Жалал-Абад облусунда – 386, Талас облусунда – 56, Баткен облусунун ооруканаларында 347 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 135 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 41 миң 991ди түзөт. Алардын ичинен 34 миң 567 киши айыгып чыкты, 1 миң 496 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий