• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда ооруканаларда 6 миң 397 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 6 миң 397 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура
Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 1 миң 504 адам жана 4 миң 893 бейтап пневмониядан дарыланууда.

Бишкек шаарында 2 миң 890 киши, Ош шаарында – 522, Чүй облусунда – 599, Ош облусунда – 920, Нарын облусунда – 102, Ысык-Көл облусунда – 512, Жалал-Абад облусунда – 446, Талас облусунда – 71, Баткен облусунда 335 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 278 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 40 миң 455ти түзөт. Алардын ичинен 32 миң 764 киши айыгып чыкты, 1 миң 478 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий