• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда ооруканаларда 6 миң 914 бейтап COVID-19 жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 6 миң 914 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 1 миң 869 адам жана 5 миң 45 бейтап пневмониядан дарыланууда.

"Бишкек шаарында 2 миң 767 киши, Ош шаарында – 590, Чүй облусунда – 656, Ош облусунда – 1 миң 71, Нарын облусунда – 124, Ысык-Көл облусунда – 645, Жалал-Абад облусунда – 571, Талас облусунда – 126, Баткен облусунда 364 бейтап ооруканаларда дарыланууда", - деди ал.

Кыргызстанда 8-августка карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 425 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 39 миң 587ни түзөт. Алардын ичинен 31 миң 281 киши айыгып чыкты, 1 миң 460 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий