• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда ооруканаларда 670 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 670 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 4 миң 799 адам дарыланып жатат.

"Бишкек шаарында 167 киши, Ош шаарында – 19, Чүй облусунда – 50, Ош облусунда –95, Нарын облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 98, Жалал-Абад облусунда – 96, Талас облусунда – 33, Баткен облусунун ооруканаларында 86 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 78 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 36ны түзөт. Алардын ичинен 38 миң 895 киши айыгып чыкты, 1 миң 60 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий