• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда ооруканаларда 7 миң 24 бейтап COVID-19 жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 7 миң 24 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 1 миң 897 адам жана 5 миң 127 бейтап пневмониядан дарыланууда.

"Бишкек шаарында 2 миң 789 киши, Ош шаарында – 577, Чүй облусунда – 673, Ош облусунда – 1 миң 112, Нарын облусунда – 128, Ысык-Көл облусунда – 655, Жалал-Абад облусунда – 581, Талас облусунда – 143, Баткен облусунда 366 бейтап ооруканаларда дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 503 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 39 миң 162ни түзөт. Алардын ичинен 30 миң 764 киши айыгып чыкты, 1 миң 451 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий