• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда ооруканаларда 7 миң 792 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 7 миң 792 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 2 миң 603 адам жана 5 миң 189 бейтап пневмониядан дарыланууда.

"Бишкек шаарында 2 миң 858 киши, Ош шаарында – 535, Чүй облусунда – 859, Ош облусунда – 1 миң 207, Нарын облусунда – 149, Ысык-Көл облусунда – 805, Жалал-Абад облусунда – 743, Талас облусунда – 210, Баткен облусунда 426 бейтап ооруканаларда дарыланууда болууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 410 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 37129ду түзөт. Алардын ичинен 27927 киши айыгып чыкты, 1420 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий