• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда ооруканаларда 8 миң 966 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 8 миң 966 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 3 миң 413 адам жана 5 миң 553 бейтап пневмониядан дарыланууда.

Бишкек шаарында 3 миң 435 киши, Ош шаарында – 571, Чүй облусунда – 1 миң 92, Ош облусунда – 1 миң 147, Нарын облусунда – 177, Ысык-Көл облусунда – 986, Жалал-Абад облусунда – 830, Талас облусунда – 282, Баткен облусунда 446 бейтап дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 662 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 35805ти түзөт. Алардын ичинен 25526 киши айыгып чыкты, 1378 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий