• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда ооруканаларда 925 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 925 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 4 миң 635 адам дарыланып жатат.

"Бишкек шаарында 189 киши, Ош шаарында – 33, Чүй облусунда – 88, Ош облусунда – 133, Нарын облусунда – 32, Ысык-Көл облусунда – 147, Жалал-Абад облусунда – 158, Талас облусунда – 45, Баткен облусунун ооруканаларында 100 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 113 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 358ди түзөт. Алардын ичинен 37 миң 217 киши айыгып чыкты, 1 миң 58 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий