• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда Орозо 24-апрелде башталат

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда Орозо ушул жылдын 24-апрелинде башталат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын мусулмандар Дин башкармалыгы эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбасын пайдалануу менен жана коңшу Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнүн Дин башкармалыктары менен кеңешкен.

"Урматтуу мекендештер! Сиздерди 24-апрелде Орозо айынын башталышы менен куттуктайбыз! 2020-жылдын 17-апрелинде эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбасын пайдалануу менен жана коңшу Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнүн Дин башкармалыктары менен кеңешип, Орозонун биринчи күнү 24-апрелде баштала тургандыгы белгиленди. Ыйык Орозо айы элибизге ынтымакты, биримдикти алып келип, өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө өбөлгө түзөт. Орозо айы баарыбызды мээримдүүлүккө, боорукерликке, кайрымдуулукка үндөйт.

Урматтуу мекендештер, коронавирус инфекциясынын жайылгандыгына байланыштуу өлкөгө өзгөчө кырдаал жана абал режими киргизилген. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) чечимине ылайык, өлкөдө жамаат менен намаз окуу, мечиттерде коомдук сыйынуулар убактылуу токтотулган. Ошондой эле Орозо айында таравих намаздарын үйдө окуу, ооз ачыруулар ар бир жарандын өз үйлөрүндө өткөрүү чечими кабыл алынган. Ошондуктан коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында ар бириңиздерди сабырдуулукка чакырып, үйдө болууңуздарды өтүнөбүз!", - деп айтылат Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий