• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда Орозо айтты белгилөөнүн так күнү маалым болду

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2-май күнү Орозо айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Муфтияттан кошумчалашкандай, жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Белгилей кетсек, быйыл Кадыр түн 26нан 27-апрелге караган түнү белгиленет. Кыргызстанда Орозо айы 2-апрелде башталган.

Пикир

Оставить комментарий